Home /  / Contact / Sitemap / Glossary

Темир жол транспорту

Кыргыз темир жолу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин алдындагы  “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасы (“КТЖ”УК” МИ) аткаруучу ведомствосу менен көрсөтүлгөн.

Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лвв Толстой көчөсү, 83.

         Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын негизги темир жолдорунун жалпы узундугу 424,6 км түзөт. Кыргыз Республикасынын темир жолдорунун түйүнү чаржайыт, бирикпеген, географиялык жактан эки участокко бөлүнгөн, түндүк (323,4 км) жана түштүк (101,2 км) болуп көрсөтүлгөн, бул болсо Кыргызстанды кошуна мамлекеттер Казакстан жана Өзбекстан темир жол түйүндөрү менен байланыштырат.  

МИ “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясында” болгону 28 темир жол станциясы бар.         Кыргыз темир жолунун маршруттук түйүнү шаар чекесиндеги поезддердин төмөнкү каттамдарынан турат «Бишкек-Балыкчы», «Бишкек-Токмок»,  «Бишкек-Мерке» жана эл аралык поезддер «Бишкек-Москва», «Бишкек-Екатеринбург», «Бишкек-Новосибирск-Новокузнецк жана «Москва-Бишкек». Мындан сырткары кыргыз жана орус курамындагы чиркелгичтүү вагондор Волгоград, Челябинск, Саратов, Курган, Пенза каттамдарында иш алып барат.

2013-2016-жылдарда 6 жаңы ТЭ33А EVOLUTION сериясындагы тепловоздор алынып, ишке берилди.

           

Мындан сырткары төмөнкү проекттер иштелип чыгууда:

- Жаңы түндүк-түштүк «Россия-Казахстан-Кыргызстан-Тажикистан» темир жол линиясынын курулушу

- «Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече», «Кара-Кече–т/ж магистраль» темир жолунун курулушу.

- “Луговая–Аламедин” тилкесин электрлештирилүү.

       - Темир жол транспортунун жол чарбасынын инфраструктурасын модернизациялоо жана жаңылоо Программасын ишке ашыруу.