Home /  / Contact / Sitemap / Glossary

Кыргызстан

 Кыргызстан – Түндүк Тянь-Шань тоолорунун жана өрөөндөрүнүн арасында жайгашкан тоолуу мамлекет. Кепилдүү тарыхый булактардын негизинде, жергиликтүү жана чет-өлкөлүк тарыхчылар кыргыз мамлекеттүүлүгү жыйырма эки кылымды түзөөрүн аныкташкан. Кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу эң бир байыркы тарыхый документ болуп, белгилүү кытай тарыхчысы Сым Цяндын документтери эсептелет. 2003-жылы Кыргызстан мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылыдык маарекесин белгиледи, Кыргызстанга келген коноктор мамлекет тарыхынын узактыгынын далили катары Ысык-Көл аймагындагы аскадагы сүрөттөрдөн жана он бир кылымдан берки келген Бурана мунарасынан көрсө болот.

Азыркы Кыргызстан – толеранттуу өлкө. Мында каада-салттарга бай ар кандай 80ден ашык этникалык топтордун өкүлдөрү жашайт. Орус жана европа архитектурасынын таасирин борбор шаардын кең көчөлөрүнөн жана акыркы жылдарда өнүгүп жаткан, азыркы архитектуранын жана дизайндын прогрессивдүү тенденциясын чагылдырган көркөмдүү шаардык архитектурадан көрсө болот.

Улуу Жибек жолунун көрүнүктүү мурастарынын мисалдарын Фергана өрөөрүнүн түштүгүнөн тапса болот, бул жерде байыркы Ош шаары качандыр-бир Искендер Зулкарнайндын чеби болгон. Кыргызстан байыркы убактардан бери эле Жибек жолунун түндүк жана түштүк багыттарынын байланыштыруучу түйүнү болчу, азыркы учурда дагы өлкө Европа менен Азиянын соода жолунун кесилген жери болуп саналат.

Кыргызстан көптөгөн мамлекеттер менен достук мамиледе. Узак маданий кызматташтыкта негизделген бул мамилелер келечекте мындан дагы чыңдалат. Көптөгөн өнүккөн мамлекеттер Кыргызстан менен өнүккөн рыноктук мамлекетти түзүүгө керек болгон, демократияны өнүктүрүүнү жана реформаларды ишке ашыруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр.

Проводимые в республике экономические реформы формируют четкие направления конкретных действий по устранению барьеров, препятствующих инвестиционной активности, и реализации программы продвижения инвестиций. Опираясь на свободу и демократию, Кыргызстан становится страной, способной к эффективному общественному диалогу, динамичному развитию.


Мамлекеттик белгилер

 

Кыргызстандын желеги

Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. 1992-жылы кабыл алынган.

 

Кыргызстандын Герби

Кыргызстандын Герби — Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик символу; А. Абдраев жана С. Дубанаев тарабынан иштелип чыгып, 1994-жылдын 14-январында  Жогорку Кенештин токтому менен бекитилген.

Гербде канаттары жайылган Манастын шумкары чагылдырылган, бул өлкөнүн эркиндигинин символу. Ошондой эле Кыргызстандын акагы болгон Ысык-Көл чагылдырылган, аны Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору курчап турат. Күн жаркыраткан тоонун чокулары кыргыз элинин ак калпагы сыяктанат.

 

Жалпы маалымат

 

  • Көз карандысыздык күнү - 31 август 
  • Тилдери – кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили - расмий.
  • Башкаруу формасы - Парламенттик республика
  • Валюта - кыргыз сому (KGS, код 417)
  • Интернет-домен - .kg
  • Телефон коду - +996
  • Саат алкагы - UTC +6
  • Аймагы: 199,9 миң км2 (5,8% - токойлор, 4,4% - суулар, 53,3% - айыл чарба жерлери, 36,5% - башка жерлер). Дээрлик 90% деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан.
  • Калктын саны 2018-жылдын 1–январына карата.- 6,2 млн. адам.
  • БорборуБишкек (1 млн. адам).
  • Чоң шаарлары: Ош (288 миң), Жалал-Абад (117,2 миң), Каракол (77,7 миң).
  • 7 административдик облуска бөлүнөт — Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана  Баткен. Облус борборлору - Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.
  • Эң бийик чоку Жеңиш чокусу - 7439 м
  •  
  • Эң узун дарыялары, км
  • Нарын - 535
  • Чаткал - 205
  • Чу - 221
  • Эң көлөмдүү көлдөрү, км2
  • Ысык-Көл - 6236
  • Соңөл - 275
  • Чатыр-Көл - 175

 

Климат – деңиз деңгээлинин бийиктигинен көз каранды болгон, кышы суук жана жайы ысык келген кескин континентилдуу климат. Жаан-чачын негизинен күзүндө, кышында жана жазында көп болот, жай мезгили негизинен кургак келет.

Диндери – динге ишенүүчүлөдүн көбү– мусулмандар. Христиандар да бар: православдар, католиктер жана протестанттар (лютерандар, баптисттер, адвентисттер).

Республиканын Парламенти — Жогорку Кеңеш мамлекеттин саясатын жүргүзүүдө жана эң орчундуу чечимдерди кабыл алууда приоритеттүү орган болуп саналат, бир палаталуу жана пртиялык тизме менен 5 жылга шайлануучу 120 депутаттан турат.

Президент жалпы элдик добуш берүү менен 6 жылга шайланат, экинчи мөөнөткө шайланууга укугу жок. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт.

Өкмөт башчысы — премьер-министр, парламенттеги көпчүлүк фракциясынын көрсөтүүсү менен (мандаттардын 50 пайызынан ашык добуш алган саясий партиянын) парламент аркылуу дайындалат.