Home /  / Contact / Sitemap / Glossary

Автомобиль транспорту

Автомобиль транспорту – өлкөнүн өндүрүш инфраструктурасынын жана бирдиктүү транспорт системасынын түзүүнүн орчундуу бөлүгү. Анын туруктуу жана эффективдүү иш алып баруусу экономиканын стабилдешүүсүнүн, структуралык кайра курулушунун жана өсүшүнүн негизги шарттарынын бири, жана ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздоону жана өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүнө, калктын жашоо деңгээлинин жакшыруусуна жана жогорулашына чоң таасир тийгизет.

Бийик тоолуу шартта жана өлкөнүн аймактарында байланышуунун татаалдыгынан, автомобиль транспорту Кыргызстандын транспорт түрүнүн негизгиси болуп саналат.  Себеби, 95 % жүк жана 97 % жүргүнчү ташуу өлкөнүн транспорт секторунун негизги бөлүгүн түзгөн автомобиль транспорту менен жүргүзүлөт. Автомобиль транспортунун мааниси өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болууда, республиканын экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүдөгү бирден-бир негизги аспап болууда.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын автомобиль паркы 924 миң автомобилди түзөт, анын ичинен 750 миңден көбүрөөгү жеңил автомобилдер, 97 миң жүк ташуучу автомобилдер жана 30 миңден ашуун автобустар жана кичи автобустар.

Айта кетчү жагдай автомобиль тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн 350 юридикалык тарап (анын ичинен 30 – юридикалык тарап жеңил таксилер менен), 50 юридикалык тарап жүк ташуу менен алектенишет, мындан сырткары 20300 жеке тарап жүк ташуу менен жана автомобилдик транспорттук процессти камсыз кылган 69 ишкана (автостанциялар, автокассалар, автовокзалдар) иш алып барышат, бул тармакта эмгектенгендердин саны 32 миң кишиден ашуун.

Азыркы учурда республикада 12 автовокзал, 33 автостанция, 24 автокасса иш алып барат, бардык станциялык курулуштардын саны 69 бирдикти түзөт. Анын ичинен мамлекеттин карамагында 7 автовокзал, 10 автостанция жана 11 автокасса, жеке менчикте – 5 автовокзал, 23 автостанция жана 13 автокасса.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасы эл аралык автомобиль каттамына тиешелүү 19 эки тараптуу, 2 ведомство аралык жана 7 көп тараптуу өкмөттөр аралык келишимдерге кол койгон.

           Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен тутумдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүүдө, анын жыйынтыгында, кыргыз авто ташуучулары иш алып баруусу үчүн жыл сайын 38 мамлекет менен уруксаат берүү бланктары менен алмашуу иштери жүргүзүлөт.