Азыркы учурда аба каттамы боюнча 25 өлкө менен Келишим түзүлгөн, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Беларусь, Украина, Армения, Грузия, Түркия, Иран, Пакистан, Индия, Кытай, Монголия, Индонезия, Таиланд, Малайзия,Түштүк Корея, Германия, Австрия, Швейцария, Греция, Чехия, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия.
2010-жылдан тартып кыргыз авиакомпаниялары тарабынан аба паркы заманбап аба учактарына жаңыланды, алар чет өлкөлүк өндүрүштөгү: Боинг 737-300-400-500, аэробус-320, ВаЕ 146-200, СААБ 340-200.
Эксплуатацияланып жаткан аба учактарынын техникалык тейленүүсү авиациялык администрация тарабынан жактырылган инженердик-авиациялык кызмат тарабынан ишке ашат.
Бүгүнкү күндө 17 авиакомпания каттодон өткөн, анын ичинен 5 эл аралык жана ички каттамдарда байма-бай иш алып барууда алар: «Кыргызстан», «Авиа Траффик Компани», «Эйр Бишкек», «Эйр Манас», «Скай Бишкек».
Кыргызстанга каттаган чет өлкөлүк авиакомпаниялар: «Түрк аба каттамдары», «Түштүк-Кытай аба жолдору», «Fly Dubai», «Аэрофлот», «Россия», «Сибирь», «Глобус», «ВИМ-Авиа», «Урал аба каттамдары», «Якутия», «ИрАэро», «Украинанын Эл аралык аба каттамдары», «Өзбек аба жолдору», «Тажик Эйр», «Эйр Астана».
«Авиакомпания «Кыргызстан» ААК 100 % акциясы Мамлекетке таандык болгон юридикалык жак. «Авиакомпания «Кыргызстан» ААК мамлекеттик менчиктеги жалгыз авиа ташуучу болуп саналат.
Азыркы учурда “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК курамына 11 иш алып барып жаткан Кыргызстандагы аэропорттор тийиштүү, анын ичинен 4 эл аралык жана 7 ички маанидеги аэропорттор. “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК 79,1% акциясы мамлекеттин менчигинде. Акционерлердин курамында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 8,5% баштапкы капиталга, жана башка юридикалык жана жеке тараптар ээлик кылат. “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК курамына кирген чыгым алып келген аэропортторду тийиштүү абалда кароо “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК эсебинен жүргүзүлөт.